# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 362
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96617>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17346/edition/555731/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96617.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 362 "Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (01.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96617

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 1-июлу № 362 Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу Объекттерди долбоорлоо жана куруу мөөнөттөрүн кыскартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:

- курулуштары жарыш долбоорлоо менен жүргүзүлүп жаткан объекттерди, имараттарды жана курулмаларды белгиленген тартипте каттоону жүргүзсүн;

- бир айлык мөөнөттө объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана курууну караган, ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2014-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
