Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-апрели № 226 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 192 токтомунун редакциясына ылайык) Үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттарды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 192 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514 «Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пунктта «атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду» деген сөздөр алып салынсын; 6-пункттун биринчи, экинчи жана бешинчи абзацтарында жана 7-пункттун экинчи абзацында ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттун үчүнчү абзацындагы «1,5» деген цифралар «3,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
биринчи абзацта «жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна» деген сөздөр алып салынсын; жетинчи абзацта «жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун» деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечеимдеринин тиешелүү долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизсин.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө ЖОБО" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514 токтому менен бекитилгенПоложение · 23.10.2007 · № 514
- ПОЛОЖЕНИЕ о Государственном фонде развития экономики при Министерстве финансов Кыргызской Республики (Постановление Правительства КР от 20 августа 2000 года №582)Положение · 20.09.2000 · № 582
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №192 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондун реформалоо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 192 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы №192 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондун реформалоо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 192 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 514 "Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" ТоктомуПостановление · 23.10.2007 · № 514 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 20 сентября 2000 года №582 "Об утверждении Положения о Государственном фонде развития экономики при Министерстве финансов Кыргызской Республики"Постановление · 20.09.2000 · № 582 · Күчүн жоготкон