# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17343/edition/864291/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96614.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы № 31 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96614

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 21-январы № 31 "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган токтомго тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.".

2. "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-январындагы № 1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы № 31 токтомуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Туризм боюнча координациялык кеңештин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кеңешинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай, соода, туризм, чакан, орто бизнес, транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Кыргыз туризм академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Мейманкана жана ресторан бизнеси ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экстремалдык туризм жана альпинизм федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Жамааттарга негизделген кыргыз туризм ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); "Муза туризма и путешествия" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстан профсоюздар федерациясынын "Кыргызсоветкурортунун" төрагасы (макулдашуу боюнча); "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); "Karven Group" компаниясынын президенти (макулдашуу боюнча); Пансионаттар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Хаятт Ридженси" отелинин башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча); Туристтик операторлордун кыргыз ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); "Тянь-Шань трэвэл" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); "САТ" Борбордук-Азиялык туристтик корпорациясынын президенти (макулдашуу боюнча); "САТS" жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси- министри

М.Исмаилов
