# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 355 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 355 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 355
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96608>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17338/edition/563249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96608.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 355 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (26.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96608

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-июну № 355 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЬШ МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене. Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Польша Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
