Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-июну № 355 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жардам берүүгө байланышкан чектерде насыя берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЬШ МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. Бишкек шаарында 2014-жылдын 24-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Польша Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-июнундагы № 4289-V ""2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 30.06.2014 · № 4289-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-июнундагы № 4288-V ""2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 30.06.2014 · № 4288-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 30-июнундагы № 4287-V ""2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 30.06.2014 · № 4287-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү…Закон · 09.07.2014 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон