# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 352
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96604>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17335/edition/1252458/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96604.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому (15.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96604

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 26-июну № 352 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 266, 2019-жылдын 20-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Калктын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган коомдук саламаттык сактоо проблемаларын чечүү боюнча координациялоону күчөтүү жана натыйжалуу чараларды көрүү максатында;" "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш (мындан ары-Координациялык кеңеш).

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы N 266 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Тиркелген: Координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 122 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 1, 3-пункттары жана 2-пунктунун төртүнчү абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 185 "Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-августундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
