# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 320
- Кабыл алынган күнү: 10.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96603>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17334/edition/557951/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96603.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (10.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96603

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 10-июну № 320 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын тийиштүү түрдө жана натыйжалуу коргоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- преамбулада жана бүткүл тексти боюнча «эл аралык» деген сөздөр «арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында» деген создөргө алмаштырылсын;

- 2-пункттун бешинчи абзацы «жергиликтүү сот органдарында» деген сөздөрдөн мурда «арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана» деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору жөнүндө жободо:

бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «эл аралык жана жергиликтүү сот органдарында» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пункттун экинчи абзацындагы, 7-пункттун экинчи жана төртүнчү абзацтарындагы «эл аралык» деген сөздөр «арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында» деген сөздөргө алмаштырьшсьш; 7-пункттун жыйырма биринчи абзацы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн,» деген сөздөн кийин «ошондой эле Кыргыз Республикасынын» деген сөздөр менен толукталсын; 9-пунктта: бешинчи абзацындагы «жергиликтүү сот органдарында» деген сөздөр «арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында» деген сөздөргө алмаштырылсын; алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: « - адистерди тартат жана аларга арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого ишеним каттарды берет;»;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү регламентинде:

бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «эл аралык жана жергиликтүү сот органдарында» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө «арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пункттагы «эл аралык жана» деген сөздөр «арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом 2014 - жылдын 14 - февралынан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
