# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 324 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 324 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17333/edition/546073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 324 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (29.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96602

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 29-июлу № 324 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Райондук маанидеги Шопоков шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана "Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Шопоков ыңгайлаштыруу комбинатын колдоо үчүн социалдык-тиричилик багытындагы объекттерди, транспортту өткөрүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- токтомго "Райондук маанидеги Шопоков шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объекттердин тизмеси" деген № 6 тиркеме ушул токтомго карата тиркемеге ылайык объекттер менен толукталсын.

2. Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Сокулук башкармалыгы райондук маанидеги Шопоков шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктүн бирдиктерине менчик укуктарын мамлекеттик каттоо жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен казып алуу тармактары бөлүмүнө жүктөлсүн.

Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу

Ф. Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 324 токтомуна тиркеме

Райондук маанидеги Шопоков шаарынын

муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү

объекттердин тизмеси

| Объекттердин аталышы | Саны, өлчөө бирдиги | Калдык наркы (миң сом) |
| --- | --- | --- |
| Борбордук суу өткөрүү линиясы Суу өткөрүү магистралы Суу өткөрүү магистралы Борбордук суу өткөрүү линиясы Борбордук канализация линиясы Борбордук канализация линиясы Суу чыгаруу мунарасы № 1509/скважинасы № 2776/183 м скважинасы ЭЦВ 10-63/65 тереңден суу чыгаруучу насос ЭЦВ 6-10/75 тереңден суу чыгаруучу насос ЭЦВ 10-63/65 тереңден суу чыгаруучу насос Таштанды чыгаруучу автомобиль ЗИЛ-ММЗ- мамномер 2150 SС, кыймылдаткычы 458031, шасси № 1883879 | 568 м 950 м 503 м 631 м 2540 м 1407 м 1 бирдик 100 м 183 м 1 бирдик 1 бирдик 1 бирдик 1 бирдик | - - - - - - - 10833,33 5000,00 11666,67 |

Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу - министр

А. Исабеков
