Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2005-жылдын 29-июлу № 324 "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Райондук маанидеги Шопоков шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана "Мүлккө коммуналдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Шопоков ыңгайлаштыруу комбинатын колдоо үчүн социалдык-тиричилик багытындагы объекттерди, транспортту өткөрүп берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- токтомго "Райондук маанидеги Шопоков шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объекттердин тизмеси" деген № 6 тиркеме ушул токтомго карата тиркемеге ылайык объекттер менен толукталсын.
2. Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Сокулук башкармалыгы райондук маанидеги Шопоков шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктүн бирдиктерине менчик укуктарын мамлекеттик каттоо жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен казып алуу тармактары бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ф. Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июлундагы № 324 токтомуна тиркеме
Райондук маанидеги Шопоков шаарынын
муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү
объекттердин тизмеси
| Объекттердин аталышы | Саны, өлчөө бирдиги | Калдык наркы (миң сом) |
|---|---|---|
| Борбордук суу өткөрүү линиясы Суу өткөрүү магистралы Суу өткөрүү магистралы Борбордук суу өткөрүү линиясы Борбордук канализация линиясы Борбордук канализация линиясы Суу чыгаруу мунарасы № 1509/скважинасы № 2776/183 м скважинасы ЭЦВ 10-63/65 тереңден суу чыгаруучу насос ЭЦВ 6-10/75 тереңден суу чыгаруучу насос ЭЦВ 10-63/65 тереңден суу чыгаруучу насос Таштанды чыгаруучу автомобиль ЗИЛ-ММЗ- мамномер 2150 SС, кыймылдаткычы 458031, шасси № 1883879 | 568 м 950 м 503 м 631 м 2540 м 1407 м 1 бирдик 100 м 183 м 1 бирдик 1 бирдик 1 бирдик 1 бирдик | - - - - - - - 10833,33 5000,00 11666,67 |
Премьер-министринин Аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу - министр
А. Исабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37