# "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 349
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96595>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-3019/edition/1146490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96595.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 токтому менен бекитилген) (06.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96595

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66

токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо бир жыштык бөлүнүштө таратылуучу телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүү тартибин аныктайт.

2. Социалдык пакет - Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын пакети, анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилип, бир жыштык бөлүнүштө калкка акысыз таратылат жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан каржыланат (мындан ары - Социалдык пакет).

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Социалдык пакетти түзүү төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

- жарандардын санариптик телерадиоберүү боюнча сапаттуу маалыматтарды алуудагы керектөөлөрүн канааттандыруу;

- бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти сактоо жана камсыз кылуу;

- өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу.

2. Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын функциялары

4. Социалдык пакетти түзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган):

- Социалдык пакетти түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүү үчүн жиберет;

- Социалдык пакетти каржылоо боюнча керектөөлөргө жана сунуштарга талдоо жүргүзөт;

- Социалдык пакетти калкка акысыз негизде таратууга жана анын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзөт;

- Социалдык пакетти түзүүнүн приоритеттерин аныктайт;

- Социалдык пакеттеги телеканалдардын жана/же радио-каналдардын санын аныктайт;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

3. Социалдык пакетти түзүүнүн тартиби

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Социалдык пакетти 3 жылда бир жолу бекитет.

Социалдык пакетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилген Социалдык пакеттен бир же бир нече телеканалдарды жана/же радиоканалдарды мөөнөтүнөн мурда чыгаруу же Социалдык пакетти башка телеканалдар жана/же радиоканалдар менен толуктоо себептери боюнча гана киргизилиши мүмкүн. Мында Социалдык пакеттин мурда бекитилген колдонулуу мөөнөтү өзгөрбөйт. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

6. Социалдык пакеттеги телеканалдардын жана/же радио каналдардын саны бир жыштык бөлүнүштө телеканалдардын жана радиоканалдардын мүмкүн болгон максималдуу санын жайгаштыруунун техникалык шарттары менен чектелет.

7. Социалдык пакеттин тизмеги түзүүнүн төмөнкү аймактык чектөөлөрүнө ээ:

- Социалдык пакетти трансляциялоону бүткүл аймакка берүүчү республикалык маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар;

- Социалдык пакетти трансляциялоону бир нече облустардын чегинде берүүчү облустар аралык маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар;

- Социалдык пакетти трансляциялоону бир облустун чегинде берүүчү облустук маанидеги телеканалдар жана/же радиоканалдар.

8. Социалдык пакет төмөнкүлөрдү камтыйт:

- республикалык бюджеттен каржылануучу телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын;

- республикалык бюджеттен каржыланбаган, бирок мамлекет (мамлекеттик органдар) катышуучу (катышуучулар) болуп чыккан телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын телеканалдарын жана /же радиоканалдарын;

- мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында иштеген телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарын жана/же радиоканалдарын Социалдык пакетке киргизүү ушул Жобонун 8-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарына ылайык телеканалдар жана/же телерадиоканалдар толук аныкталгандан кийин жүзөгө ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593, 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

10. Социалдык пакетте чет өлкөнүн телекөрсөтүү жана радио-уюмдардын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын, берүү сигналдарын таратуу кызматына республикалык бюджеттин каражаттарынан акы төлөөгө жол берилбейт.

11. Социалдык пакеттин алкагында трансляциялануучу жана ретрансляциялануучу телеканалдарда жана/же радиоканалдарда чет элдик телекөрсөтүү жана радио уюмдары тарабынан берилүүчү жарнамаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу көлөмдө жайгаштырууга жол берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 442, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Социалдык пакетке кирүүнүн конкурстук шарттары

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Телеканалдарды жана радиоканалдарды Социалдык пакеттен чыгаруу

17. Телеканалдарды жана/же радиоканалдарды Социалдык пакеттин тизмесинен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

- телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын берүү токтотулганга чейин кеминде 30 күн мурда ыйгарым укуктуу органга берген арызы боюнча;

- негиздүү себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын жүйөлүү сунушу боюнча.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Телеканалдарды жана/же радиоканалдарды Социалдык пакеттен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча чыгарылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 , 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

19. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

20. Телеканалдары жана/же радиоканалдары Социалдык пакеттен чыгарылган телекөрсөтүү жана радио-уюмдары чечимдин жыйынтыгына макул болбогон учурда мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
