Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 „Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 23-июну № 348 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын натыйжалуу жана сапаттуу ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Ведомстволор аралык комиссия туруктуу негизде төмөнкүлөр боюнча иш алып барсын:
- иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмегин тактоо боюнча;
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилери тарабынан берилген маалыматтын негизинде акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун профилдик эмес активдеринин - экономикалык иштин негизги түрүнө кирбеген, чектеш жана көмөкчү өңдүрүштөрдө пайдаланылбаган мүлктүн, анын ичинде чарбакер коомдордун уставдык капиталдарындагы акциялардын жана катышуу үлүштөрүнүн максатка ылайык пайдаланылышын талдоо боюнча;
- мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун комплекстүү талдоо боюнча;
- жыл сайын, 31-декабрга чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды киргизсин:
натыйжасыз мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу, жоюу; акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканаларды жана акционердик коомдорду башкарууну андан ары өркүндөтүү, анын ичинде алардын уюштуруу түзүмдөрүн оптималдаштыруу; министрликтердин жана ведомстволордун карамагында турган түзүмдөрдүн ишине алардын юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр катары иштөө зарылдыгына жараша талдоо жүргүзүү; акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун профилдик эмес активдерин андан ары натыйжалуу башкаруу, анын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуу.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна мамлекеттик ишканалардын тармактык тизмектери менен салыштыруу үчүн мамлекеттик ишканалар формасында каттоодон өтүп, иштеп жаткан юридикалык жактардын тизмегин берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2014-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик ишкана формасында каттоодон өтүп, иштеп жаткан юридикалык жактардын тизмегин салыштырсын жана салыштыруунун жыйынтыгы боюнча өз сунуштарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 2014-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик ишканалардын бирдиктүү тизмегин алар жөнүндө болгон бардык маалыматтар менен бирге берсин.
5. Карамагында мамлекеттик ишканалар иш алып барган министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары 2014-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө ведомстволук мамлекеттик ишканалардын тизмегине инвентаризация жүргүзүшсүн жана Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна беришсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин…Постановление · 30.11.2012 · № 804 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин…Постановление · 30.11.2012 · № 804 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон