# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 347
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.04.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96589>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17321/edition/942389/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96589.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (15.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96589

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 23-июну № 347 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жекелештирилген документтерин сатып алуунун жол-жоболорун тартипке салуу максатында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пунктундагы «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын» деген сөздөр «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибинде:

## 1-глава

нын 1-пунктунда «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 2- главада: 1-пунктунда «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулушуна дал келүүчү сатып алуучу уюмдар тарабынан» деген сөздөр «мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонулушуна дал келүүчү сатып алуучу уюмдар тарабынан аталган мыйзамга,» деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пунктта: үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү;»; төртүнчү абзацта «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: «- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү;»; 4-пункттун экинчи абзацында «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына» деген сөздөр «мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына» деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пунктунда «Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентствосу» деген сөздөр «Мамлекеттик каттоо кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «6. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алынган мамлекеттик маанидеги документтерден тышкары тендер өткөрүүсүз колдонууга чыгарылган мамлекеттик маанидеги персонификациялаштырылган документтер жараксыз деп эсептелет жана аларды Мамлекеттик реестрге жайгаштырууга тыюу салынат.»; 7-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик комиссия» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
