# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 340
- Кабыл алынган күнү: 17.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.08.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17318/edition/969724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө" токтому (27.08.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96585

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-июну № 340 Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-декабры № 834, 2019-жылдын 27-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 834 токтомдун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22- августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 12-пункттагы «54», «22» жана «104» деген цифралар тиешелүү түрдө «45», «33» жана «102» деген цифраларга алмаштырылсын.

4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 834 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын: «Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти».

6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментин каржылоого республикалык бюджетте зарыл болгон финансылык каражат карасын;

- «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015 -2016 - жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө аталган финансы каражаттарын карасын.

7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 30-августундагы № 630 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
