# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 343 "«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 343 "«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96583>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17316/edition/550403/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96583.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 343 "«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому (18.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96583

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 18-июну № 343 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык пенсиялык топтоолорго каражаттарды инвестициялоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун убактылуу эрежелери бекитилсин.

2. Бул токтом 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2015-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

3. Бул токтом жалпыга маалыматтоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-июнундагы № 343 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонуп убактылуу эрежелери

1. Негизги жоболор

1. Бул убактылуу эрежелер пенсиялык топтоолорду башкаруу тартибин белгилейт.

2. Пенсиялык топтоолор пенсиянын топтоо бөлүгү боюнча камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыгында сактоо жана көбөйтүү максатында гана жайгаштырылат.

3. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аларды башкаруучу компанияларга өткөрүп бергенге чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) тарабынан ушул Эрежелерге ылайык ишке ашырылат.

4. Социалдык фонд пенсиялык топтоолордун сакталышы, кайтарымдуулугу жана пенсиялык топтоолорду башкаруу мезгилинде алардын көбөйүшү үчүн толук материалдык жана финансылык жоопкерчилик тартат.

2. Инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптар

5. Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөргө жайгаштырылышы мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына, анын ичинде пенсиялык топтоолордун наркынын 70 пайызынан ашпаган өлчөмүндө, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарга;

2) пенсиялык топтоолордун наркынын 30 пайызынан ашпаган өлчөмүндө кредиттик уюмдардагы мөөнөттүү депозиттерге. Мында пенсиялык топтоо каражаттары бир кредиттик уюмдун депозитине ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун наркынын 25 пайызынан ашпастан жайгаштырылышы мүмкүн;

3) Кыргыз Республикасынын эмитенттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык чыгарылган эң жогорку эки категориялардын биринде фондулук биржаларда листингден өткөн күрөө менен камсыздалган облигациялар, анын ичинде турак-жай сертификаттары менен камсыздалган пенсиялык топтоолордун наркынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмүндө.

6. Пенсиялык топтоо каражаттарын ушул убактылуу эрежелердин 5-пунктунда каралбаган инвестициялоонун башка объектилерине жайгаштырууга жол берилбейт.

7. Пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга мүмкүн эмес:

- ссуда бергенге, үчүнчү тараптардын акчалай милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча кепилдик берүүгө;

- Социалдык фонддун ишенимдик башкарууну жүзөгө ашырууга жана топтоочу пенсиялык камсыздоо боюнча ишке байланышпаган милдеттенмелерин, ошондой эле башка жактардын милдеттенмелерин аткаруу үчүн пайдаланууга.
