Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года № 355 "Об утверждении нормативных правовых актов в сфере высшего и среднего профессионального образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 16-июну № 328 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жана жогорку окуу жайларга тандоо менен кабыл алуу процессинин жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 “Абитуриенттерге жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жободо:
6-пунктундагы “учурдагы жылдын тестирлөөсүн” деген сөздөр “тестирлөө” деген сөзгө алмаштырылсын.
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө жободо:
- 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкү мазмундагы 91 - 93 - пункттар менен толукталсын;
91. Кабыл алуу компаниясын жүргүзүү мезгилинде жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун тутумун өркүндөтүү максатында министрликтин алдында мамлекеттик гранттык комиссия (мындан ары – МГК) түзүлөт.
92. МГКнын курамы жана иш регламенти Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин буйругу менен бекитилет.
93. МГКнын чечими протокол менен таризделип, ага комиссиянын төрагасы, ал жок учурда комиссиянын төрагасынын орун басары кол коёт.»;
11-пунктунун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “- ушул жылы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон абитуриенттер, тандаган мамлекеттик жогорку окуу жайына, ошол жождо ишке ашырылуучу каалаган адистик жана даярдоо багыттарына.”; 12 - пункту “Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар“ деген сөздөрдөн кийин “, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамы бар адамдар” деген сөздөр менен толукталсын; 18 - пунктундагы “, ошондой эле резервдик фонддон гранттарды пайдалангандыгы жөнүндө маалыматты” деген сөздөр алынып салынсын;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибинде:
- 1.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1.6. Магистр даярдоо программасы боюнча окутууга тийиштүү багыт боюнча “бакалавр” академиялык даражасы ыйгарылган жогорку кесиптик билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплому же жакын адистик боюнча “адис” квалификациясы ыйгарылганын ырастоочу жогорку кесиптик билими бар адамдар кабыл алынат.”;
1.9-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1.9. Кыргыз Республикасынын жождоруна, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки) сырттан окутуу формаларына, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын пайдалануу менен окутууга тапшырууда башкы критерийлер болуп абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмдүүлүгү саналат.”;
- 4.3-пунктундагы “сырттан” деген сөздөн кийин “аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутуу,” деген сөздөр менен толукталсын.
- 5.1-пункту “ЖРТнын” деген сөздөн кийин “ушул жылдагы” деген сөздөр менен толукталсын;
- 5.2-пунктта:
экинчи абзацындагы “Окутуунун кечки жана дистанттык түрүнө” деген сөздөр “күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окутуу формаларына, анын ичинде: окутуунун аралыктык технологияларын колдонуу менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын; “бирок негизги тест боюнча чектиктен жогору” деген сөздөр “же ага барабар” деген сөздөр менен толукталсын;
5.3-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“ЖРТнын жыйынтыктары талап кылынбаган даярдоо багыттарына жана адистиктерге тапшыруучу абитуриенттер үчүн”;
- 5.5-пунктундагы “(үчтөн кем эмес, анын бири-тилден) предметтердин тизмеси “сабактардын тизмеси деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.7-пунктунда:
“чет өлкөлүк жарандар болгон абитуриенттер үчүн” деген сөздөр алынып салынсын; төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: “Чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сынактарын өткөрүү мөөнөттөрү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.”;
5.11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“5.11. экинчи жана андан кийинки курстарга кабыл алууда конкурс ЖОЖдор өз тарабынан өткөрүлүүчү аттестациялык сыноолордун негизинде жүргүзүлөт. Мында жогорку билим берүү программаларын өздөштүрүү мөөнөтү тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандартында каралган сабактар боюнча академиялык айырмачылыктар менен аныкталат. Академиялык айырма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 “Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттерин которуунун, окуудан чыгаруунун жана окууга калыбына келтирүү жөнүндө жободо көрсөтүлгөн тартипте аныкталат;
- аталган токтом менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жободо:
мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча “чек” жана “өтмө” деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “босого” деген сөз менен алмаштырылсын;
2.1-пункту “негизги тесттен алган балл” деген сөз “тең (бирдей) же” деген сөз менен толукталсын;
3.5-пунктунун экинчи абзацы “Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар“ деген сөздөрдөн кийин “2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамы бар адамдар ” деген сөздөр менен толукталсын;
3.8-пунктунда:
биринчи сүйлөм “негизги тесттен жана предметтик тесттен алган балл” деген сөздөр “тең (бирдей) же” деген сөз менен толукталсын; төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
- “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Улуттук тестирлөө борбору региондордо өткөргөн тестирлөөнүн негизинде жалпы орто билими жөнүндө артыкчылыктуу аттестат алууну ырастаган жана негизги жана предметтик тесттер боюнча белгиленген босоголук баллга барабар же жогору балл алган жалпы орто билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө ар бир предметтик тесттин жыйынтыгына жыйырмадан балл кошулат.”;
аталган Жобонун тиркемесинде: 1-пунктунун жетинчи абзацындагы “кароосуз калган балдар” деген сөздөр “2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамы бар адамдар ” деген сөздөр менен толукталсын.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун ТАРТИБИ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-майындагы № 256 токтому менен бекитилген)Порядок · 27.05.2011 · № 256
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Положение · 02.06.2006 · № 404
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуужайларына абитуриенттерди тандоо жанакабыл алуу жөнүндө Жобо (Жалпы республикалык…Положение · 27.05.2011 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Мамлекеттик билим берүү гранттарына талапкер абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 токтому…Положение · 02.06.2006 · № 404
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук…Постановление · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук…Постановление · 02.06.2006 · № 404 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 " Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2011 · № 256 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон