# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын аймагыида убакытты эсептөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын аймагыида убакытты эсептөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96576>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17309/edition/549204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96576.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-июнундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын аймагыида убакытты эсептөө жөнүндө" токтому (13.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96576

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 13-июну № 324 Кыргыз Республикасынын аймагыида убакытты эсептөө жөнүндө Жарандардын, коомдун жана мамлекеттин убакыт жөнүндө так маалымат алууга болгон керектөөсүн камсыз кылуу максатында "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Убакыттын жана жыштыктын улуттук эталону аркылуу калыбына келтирилүүчү, сакталуучу жана берилүүчү Кыргыз Республикасынын бирдиктүү убакыты Кыргыз Республикасынын аймагында эсептөө сааттык алкактардын эл аралык тутуму боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү убакыттын так маанисин эсептөөнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө калкка маалымдасын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
