# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-июнундагы № 319 “2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-июнундагы № 319 “2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 319
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17304/edition/549190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-июнундагы № 319 “2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (09.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96569

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 9-июну № 319 “2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- “2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондуна жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыктыгы жөнүндө билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
