Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 4-июну № 310 Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, мамлекеттин ички жол-жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катын ратификациялоо тууралу»
1-берене Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
3-берене Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4224-V ""2014-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 25.06.2014 · № 4224-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4225-V ""2014-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 25.06.2014 · № 4225-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4226-V ""2014-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын…Постановление · 25.06.2014 · № 4226-V
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон