# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 302
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96550>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17289/edition/547340/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96550.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 "Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (19.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96550

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-июну № 302 Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө

Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 - беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары менен эриш-аркак аракеттенип, бир айлык мөөнөттө:

- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунушталган чаралар жөнүндө калкка маалымдоону камсыз кылсын;

- бул токтомдон улам келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына муниципалдык кызматтардын базалык реестри белгиленген тартипте бекитилгенден кийин муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин иштеп чыгуу жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин бекитүүсүнө киргизүү сунушталсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж. К. Оторбаев
