# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 "Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 "Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 296
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17288/edition/1082330/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 "Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому (13.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96548

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 129 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-июну № 296 Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарын бекитүү жөнүндө Ички аудит тутумун өркүндөтүү максатында, "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ички аудит боюнча методикалык документтерди, ички аудиторлордун квалификациясын жогорулатууга, тастыктоого карата талаптарды белгиленген тартипте буйрук менен бекитүүгө укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн. 2008-2013-жылдарга карата программасын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн ички аудит стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
