# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 291
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96544>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17286/edition/547354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96544.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтому (06.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96544

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы № 295 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-июну № 291 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө жоболорду "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" жана "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун Уставы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
