# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 304
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17282/edition/1152488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96539.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 304 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96539

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-июну № 304 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 165 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо: 1-пунктта: мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: “ - маркалануучу продукция – Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу алкоголдуу ичимдиктер, тамеки буюмдары, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 285-беренесинин 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн (пивону, ТЭИ ТН коду 2203 жана жүзүмдүн ширесин, ТЭИ ТН коду 220430 кошпогондо)”; расмий тилдеги тексттин бешинчи абзацы “2203” цифраларынан кийин “жана жүзүмдүн ширеси, ТЭИ ТН коду 220430” деген сөздөр, аббревиатура жана цифралар менен толукталсын; сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 6-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Тамеки буюмдарынын кутусунда милдеттүү түрдө тамеки буюмдарынын даярдалган айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары – даярдалган күнү) көрсөтүлөт. Кутусунда атайын целлофан таңгагы бар тамеки буюмдарына акциз маркасы целлофан таңгагынын алдына чапталат жана даярдалган күнү жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.”; 6-2-пунктундагы “ЭЧБ жана тамеки” деген аббревиатура жана сөздөр “Тамеки” деген сөзгө алмаштырылсын; 6-3-пунктта: “ЭЧБ жана тамеки” деген аббревиатура жана сөздөр “Тамеки” деген сөзгө алмаштырылсын; 4-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын; 15-пунктунун жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын; 15-1, 15-2 жана 15-3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын; 34-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын; 2-тиркемедеги “Тамеки буюмдарына эң жогорку чекене баа” графасы алып салынсын; 4-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом 2015-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун 1-пунктунун тѳртүнчү-алтынчы абзацтарында каралган толуктоолор расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун 1-пунктунун он алтынчы абзацында каралган өзгөртүү 2016-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-майы № 308 токтомдун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
