# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекцияны кайра уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекцияны кайра уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 298
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96536>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17279/edition/1108552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96536.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 298 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекцияны кайра уюштуруу жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96536

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-июну № 298 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекцияны кайра уюштуруу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 10-пунктунда:

- үчүнчү абзацындагы “77” деген цифралар “85” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- үч айлык мөөнөттө кайра уюштурулуучу юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;

- кайра уюштуруу жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2014-жылга республикалык бюджеттен министрликке каралган каражаттын чегинде жүргүзсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетине оңдоолорду киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
