# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 297 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 297 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17278/edition/547173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 297 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (03.06.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96535

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-июну № 297 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

- Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштуктун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу"

1-берене. Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштуктун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкына кабарласын.

3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
