Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-июну № 297 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштуктун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу"
1-берене. Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштуктун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-июнундагы № 4173-V ""2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 18.06.2014 · № 4173-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-июнундагы № 4171-V ""2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 18.06.2014 · № 4171-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-июнундагы № 4172-V ""2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы…Постановление · 18.06.2014 · № 4172-V
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон