Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган “Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-июну № 292 Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган “Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган “Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган
Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Уставдын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгын ырастаган тиешелүү документти депозитарий болуп саналган Азербайжан Республикасына жиберсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4247-V ""2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун Уставын ратификациялоо жөнүндө"…Постановление · 25.06.2014 · № 4247-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4245-V ""2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун Уставын ратификациялоо жөнүндө"…Постановление · 25.06.2014 · № 4245-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4246-V ""2012 жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун Уставын ратификациялоо жөнүндө"…Постановление · 25.06.2014 · № 4246-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун уставын ратификациялоо жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 123
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон