# КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 "Ички аскерлер жөнүндөгү жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 "Ички аскерлер жөнүндөгү жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 02.06.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96529>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17273/edition/547158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96529.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 "Ички аскерлер жөнүндөгү жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө" токтому (29.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96529

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 1992-жылдын 2-июну № 262 Ички аскерлер жөнүндөгү жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: Ички аскерлер жөнүндөгү жобо жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын Антынын сунуш кылынган текстти бекитилсин.

Премьер-министр

Т.Чыңгышев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992 жылдын 2-июнундагы № 262 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын АНТЫ

Мен, Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын элине, анын Президентине жана Өкмөтүнө берилгендигине Касам ичин жатып; адилеттүү, ак ниеттүү болууга, аскер кызматынын кыйынчылыктарына туруктуулук менен чыдоого суверендүү мамлекеттин мыйзамдарын, командирлердин буйруктарын жана мага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди ылайык сактоого салтанаттуу Ант беремин. Мен аскердик кызматты республиканын аймагынын бардык жеринде, эгерде мамлекеттин кыйынчылыктары үчүн зарыл болсо андан тышкары жерлерде да өтөөгө, аны эр жүрөктүүлүк менен, өз өмүрүмдү аябастан коргоого милдеттенем. "\_\_\_"\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_199 ж. \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу)
