Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-майы № 289 Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ишин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Жарлыгынын жоболорун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- аталган токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 "Ички аскерлер жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө" токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын башкаруу
СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 "Ички аскерлер жөнүндөгү жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 02.06.1992 · № 262 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын ички аскерлери жөнүндөгү ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 токтому менен бекитилген)Положение · 02.06.1992 · № 262 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2014-жылдын 12 мартындагы ПЖ № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.03.2014 · № 56
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө Жобо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтому менен бекитилген)Постановление · 29.05.2014 · № 289
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 "Ички аскерлер жөнүндөгү жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 02.06.1992 · № 262 · Күчүн жоготкон