Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2014-жылдын 8-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объектисин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерлерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-майы № 288 "Бишкек шаарында 2014-жылдын 8-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объектисин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерлерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2014-жылдын 8-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объектисин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерлерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 8-январында кол коюлган Кыргыз . Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объектисин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерлерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2014-жылдын 8-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объектисин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерлерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. Бишкек шаарында 2014-жылдын 8-январында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объектисин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө Макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерлерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө сауд тарапка кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-июнундагы № 4176-V ""2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун…Постановление · 18.06.2014 · № 4176-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-июнундагы № 4174-V ""2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун…Постановление · 18.06.2014 · № 4174-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-июнундагы № 4175-V ""2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун…Постановление · 18.06.2014 · № 4175-V
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон