Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 „Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 27 апреля 2015 года № 258 "Об утверждении Положения о порядке установления доплат за тяжелые работы и работы с вредными или опасными условиями труда и Типового перечня работ с особыми условиями труда (тяжелые работы, работы с вредными, опасными и иными особыми условиями труда, работы с особыми климатическими условиями)"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-04-27.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-апрели № 258 токтомуна ылайык кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 28-майы № 285 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Өзгөчө шарттарда иштеген медициналык кызматкерлердин эмгек акысын төлөө тутумун аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартындагы № 161 "Өзгөчө шарттарда колдонулуучу жумуштарга эмгек акы төлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө шарттарда иштегендерге кызматтык үстөк белгилениши мүмкүн болгон жумуштардын Типтүү тизмесинде: "Саламаттык сактоо жана социалдык камсыз кылуу мекемелери" бөлүмүнүн расмий тилдеги текстинде:
а) бөлүмдүн аталышындагы "мекемелери" деген сөз "уюмдары" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) I бөлүмчөдө:
- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Психикасы бузулган оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген бригадалардагы, медициналык тез жардам станциясындагы иштер (дарыгерлер, орто жана кенже медициналык персонал, бир эле мезгилде санитардын да милдетин аткарган айдоочулар).";
- 4-пункттагы "медициналык кызматкерлер" деген сөздөр алып салынсын, "бөлүмдөрүндө" деген сөздөн мурда "иштин ушул багыты менен түздөн-түз байланыштуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"9. Кургак учукка каршы уюмдардагы, бөлүмдөрдөгү жана кабинеттердеги кызматкерлердин жана инфекциялык, наркологиялык уюмдардагы, бөлүмдөрдөгү жана кабинеттердеги медициналык кызматкерлердин иши";
- 10-пункттагы "мекемелерде" деген сез "уюмдарда" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 12-пункттагы "медициналык кызматкерлерди" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 13-16-пункттар менен толукталсын:
"13. Медициналык кызматкерлердин: анестезиология, реанимация, катуу кармаган уулануулар, ириңдүү хирургиялык багыттагы, токсикология, мөөнөтүнө жетпей төрөлгөн балдар, торакалдык хирургия, гемодиализ бөлүмдөрүндөгү (палаталардагы) иши.
14. Медициналык кызматкерлердин ультраүн диагностика жана эндоскопия бөлүмдөрүндөгү (кабинеттериндеги) иши.
15. Саламаттык сактоо уюмдарындагы дезинфекторлордун иши.
16. Баробөлүмдөрүндөгү жана барокабинеттериндеги медициналык кызматкерлердин иши";
в) II бөлүмчөдө:
- 3-пункттагы "мекемелерде" деген сөз "уюмдарда" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пункттагы "стационарларда" деген сөз "уюмдарда, кабинеттерде жана палаталарда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункттагы "мекемелерде" деген сөз "уюмдарда, ошондой эле бөлүмдөрдө жана кабинеттерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
"8. Рентгенологиялык, радиологиялык, химиотерапевтикалык жана рентгенорадиологиялык борборлордогу, бөлүмдөрдөгү, кабинеттердеги, лабораториялардагы жана таштарды аралыктан рентген сокку толкуну менен майдалоо бөлүмдөрүндөгү иш.
9. Интенсивдүү терапия палаталары бар неврология бөлүмдөрүндөгү иш.".
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте 2014-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Өзгөчө шарттарда иштегендерге кызматтык үстөк белгилениши мүмкүн болгон жумуштардын типтүү тизмегинин долбоорун белгиленген тартипте мамлекеттик тилде киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Типовой перечень работ на которые могут устанавливаться надбавки работающими в особых условиях (Утвержден постановлением Правительства КР от 25 марта 2002 года № 161)Перечень · 25.03.2002 · № 161
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө…Постановление · 27.04.2015 · № 258
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө…Постановление · 27.04.2015 · № 258
- Постановление Правительства КР от 25 марта 2002 года № 161 "Об оплате труда, применяемой в особых условиях "Постановление · 25.03.2002 · № 161 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон