Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 28-майы № 287 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 31-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "о)", "п)", "р)", "с)" пункттары менен толукталсын:
"о) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек шаарынын же Ош шаарынын мэринин чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин бошотуу маселеси боюнча мамлекеттик органдын жетекчисине Бишкек шаарынын же Ош шаарынын мэри сунуш киргизгенде;
п) мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин бошотуу маселеси боюнча мамлекеттик органдын жетекчисине мэр кайталап сунуш киргизген учурда (мамлекеттик органдын жетекчиси мэрдин сунушуна макул эместигин билдирген күндөн тартып 3 айдын ичинде) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин бошотуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Бишкек шаарынын же Ош шаарынын мэри менен макул болгондо;
р) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек же Ош шаардык кеңештеринин чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине Бишкек же Ош шаардык кеңештери тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөндө;
с) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине Бишкек же Ош шаардык кеңештери тарабынан ишеним көрсөтпөө тууралуу кайталап (мамлекеттик органдын жетекчиси шаардык кеңештин чечимине макул эместигин билдирген күндөн тартып 3 айдын ичинде) чечим кабыл алынганда.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 4449-V "«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.11.2014 · № 4449-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-декабрындагы № 4641-V "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.12.2014 · № 4641-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 4712-V «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 28.01.2015 · № 4712-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон