Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Астана шаарында 2011-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 28-майы № 284 Астана шаарында 2011-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Астана шаарында 2011-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3. Аталган Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди аткарууга жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Дж.Оторбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64