# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96509>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17256/edition/544484/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96509.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96509

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-майы № 269 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Айыл чарбалык продукцияны иштетүүчү жана тамак-аш продукциясын өндүрүүчү сектордун чарбакер субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө". Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын чегинде Кыргыз Республикасына берилүүчү 30,0 млн. юань суммасында тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "3. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- чарбакер субъекттердин айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) лизингге алуусу үчүн субсидия берүү боюнча такай жаңыланып туруучу кредиттик линия ачуу;

- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын алкагында алынган тракторлорду лизингге берүүдөн жана запастык тетиктерди сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен өндүрүүчү заводдордон айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) лизингге берүү үчүн сатып алуу.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-февралындагы № 88 "Айыл чарба техникасынын лизингин каржылоо" долбоору боюнча алынган тракторлорду лизингге берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"г) түшкөн биринчи салымдарды жана кийинки лизингдик төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте лизинг алуучулардын арыздары боюнча лизингге берүү үчүн айыл чарбалык техниканы жана жабдууларды, ошондой эле айыл чарбалык продукцияны иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча технологиялык линияларды жана жабдууларды (ичүүчү суу жана алкоголдуу продукция өндүрүүчүдөн башкаларын) алууга жумшасын жана региондор боюнча бөлүштүрүүдө бирдейликти сактасын.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж. Оторбаев
