# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 272 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 272 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 272
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17255/edition/544482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 272 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96508

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-майы № 272 "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Дж.Оторбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене. "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж. № 11, 448-ст) төмөндөгү толуктоо киргизилсин: 8-статья төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын: "9) билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо жана коомдук тамактануу уюмдарынын аймагында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда жарандык, кызматтык куралдарды жана алардын ок-дарыларын сатууга тыюу салынат.".

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
