# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 270
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96503>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17251/edition/540039/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96503.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (22.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96503

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-майы № 270 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 "Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жободо:

- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Дж. Оторбаев
