# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 267
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2014
- Редакциянын күнү: 07.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96501>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17250/edition/1277107/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96501.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому (07.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96501

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 340 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-майы № 267 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө жоболорду "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" жана "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 14-августундагы № 491 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Профилактика жана медициналык экология илимий-изилдөө институтун Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-изилдөөчү өндүрүштүк бирикмесине айлантып өзгөртүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Дж. Оторбаев
