# КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-майындагы № 278 "Ош областынын Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл кеңешинин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-майындагы № 278 "Ош областынын Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл кеңешинин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 278
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96498>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17247/edition/543534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96498.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-майындагы № 278 "Ош областынын Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл кеңешинин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96498

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2002-жылдын 4-майы № 278 "Ош областынын Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл кеңешинин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык жана Ош областтык, Өзгөн райондук жана Мырза-Аке айыл кеңештеринин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп атоо жөнүндө чечимдерин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ош областынын Алай районундагы Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл кеңешинин Киров айылын Чечебай айылына өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы турактуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо учурунда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

К.Бакиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Ош областынын Өзгөн районундагы Мырза-Аке

айыл кеңешинин Киров айылын Чечебай

айылына өзгөртүп атоо жөнүндө

1-статья.

Ош областынын Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл кеңешинин Киров айылы Чечебай айылына өзгөртүлүп аталсын.

2-статья.

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
