# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майы № 264 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майы № 264 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 264
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17236/edition/543508/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майы № 264 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (21.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96487

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 21-майы № 264 Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 31-беренесинде иштөөсү каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссиянын ишин регламенттөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

- бул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү;

- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж. Оторбаев
