# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 835 "Кыргызгаз" акционердик коомун кайрадан уюштуруу жана акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү программасын жана "Кыргызгаз" акционердик коомунун иштөөсүнүн финансылык моделин кайтарып алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 835 "Кыргызгаз" акционердик коомун кайрадан уюштуруу жана акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү программасын жана "Кыргызгаз" акционердик коомунун иштөөсүнүн финансылык моделин кайтарып алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 835
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96478>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17229/edition/1147900/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96478.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 835 "Кыргызгаз" акционердик коомун кайрадан уюштуруу жана акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү программасын жана "Кыргызгаз" акционердик коомунун иштөөсүнүн финансылык моделин кайтарып алуу жөнүндө" токтому (31.12.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96478

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 31-декабры № 835 "Кыргызгаз" акционердик коомун кайрадан уюштуруу жана акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү программасын жана "Кыргызгаз" акционердик коомунун иштөөсүнүн финансылык моделин кайтарып алуу жөнүндө

Коңшу республикаларда газ секторун менчиктештирүү тажрыйбасын, 2000 жана 2001-жылдардагы "Кыргызгаз" акционердик коомунун финансы-чарбалык иш-аракеттеринин натыйжалырын чагылдырууну эске алуу менен "Кыргызгаз" акционердик коомун кайрадан уюштуруу жана акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген "Кыргызгаз" акционердик коомун кайрадан уюштуруу жана акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү программасы жана "Кыргызгаз" акционердик коомунун иштөөсүнүн финансылык модели кайтарып алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комиссия "Кыргызгаз" акционердик коому менен бирдикте "Кыргызгаз" акционердик коомун кайрадан уюштуруу жана акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү программасынын жана "Кыргызгаз" акционердик коомунун иштөөсүнүн финансылык моделинин жаңы долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2002-жылдын 15-февралына чейин берсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргызгаз" акционердик коомун реструктуралаштыруу жана менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-апрелиндеги № 229 токтому;

- "Кыргызгаз" акционердик коомун реструктуралаштыруу жана менчиктештирүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-апрелиндеги № 229 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 26-февралындагы № 62 токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын экономика, инвестициялар жана региондук өнүктүрүү башкармалыгына тапшырылсын.

Премьер-министр

К.Бакиев
