Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкектеги ВЛКСМ атындагы тигүү фабрикасы» ачык түрдөгү акционердик коомунун өнүгүүсүн камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2003-08-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 31-декабры № 833 "Бишкектеги ВЛКСМ атындагы тигүү фабрикасы" ачык түрдөгү акционердик коомунун өнүгүүсүн камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-августундагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
Тигүү продукциясын чыгаруучу өндүрүштүн өнүгүүсүнө дем берүү, "Бишкектеги ВЛКСМ атындагы тигүү фабрикасы" ачык түрдөгү акционердик коомунун ишин жакшыртуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 518 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди жайгаштыруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкектеги ВЛКСМ атындагы тигүү фабрикасы" ачык түрдөгү акционердик коомунун бюджеттик ссуданы төлөөсүн 2007-жылдын 31-декабрына чейин андан ары узартуу укугусуз узартсын, анда төмөнкүдөй шарттар каралсын;
- негизги карызды төлөөнүн кийинкиге жылдырылышы - 2006-жылдын 1-октябры;
- кошулган проценттерди төлөөнү кийинкиге жылдыруу 2003-жылдын 1-октябрына чейин;
- кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставкалар жана мөөнөттү кечиктиргендик үчүн санкциялардын өлчөмдөрү;
- мурда берилген шарттарга ылайык сакталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд "Бишкектеги ВЛКСМ атындагы тигүү фабрикасы" ачык түрдөгү акционердик коому менен бюджеттик ссуда боюнча карыздарды жоюу жөнүндө аныкталган тартипте макулдашуу түзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги, "Бишкектеги ВЛКСМ атындагы тигүү фабрикасы" ачык типтеги акционердик коому 2003-2007-жылдардагы мезгилде өндүрүштү жыл сайын 40 проценттен кем эмес, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 1997-жылдын 1-январындагы № 25/02 кредиттик келишимге кошумча макулдашууга ылайык бюджеттик ссуданы жоюуну гарантиялоочу көлөмдө өстүрүүнү камсыздашсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-августундагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети 2003-жылдын 1-сентябрына чейин "Бишкектеги ВЛКСМ атындагы тигүү фабрикасы" ачык типтеги акционердик коомдун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу-сатып алуу келишимине инвестицияларды тартуунун мөөнөттөрүн жана көлөмдөрүн караштыруу менен өзгөртүүлөрдү киргизсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-августундагы № 486 токтомунун редакциясына ылайык)
5. 1, 3 жана 4-пункттарынын шарттары бузулган учурда бул токтом күчүн жоготоору белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине тапшырылсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 24 августа 2000 года №518 "О совершенствовании механизма размещения бюджетных ссуд и иностранных кредитов, рекредитованных Правительством…Постановление · 24.08.2000 · № 518 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.