# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 832 "Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 832 "Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 832
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96476>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17227/edition/1147888/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96476.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 832 "Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (31.12.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96476

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 31-декабры № 832 "Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшүн оптималдаштыруу максатында жана Жалал-Абад областтык Тогуз-Торо райондук жана Атай айыл кеңештеринин Арал жана Бирдик айылдарын Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө чечимдерин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан Арал жана Бирдик айылдарын чыгаруу жана алардын базасында Арал айылында административдик борбору менен Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө Жалал-Абад областтык Тогуз-Торо райондук жана Атай айыл кеңештеринин сессияларынын чечимдерине макулдук берилсин. Атай жана Карл Маркс айылдары Атай айылында административдик борбору менен Атай айыл кеңешинин курамында калтырылсын.

2. "Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.

3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

4. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кенештин Эл өкүлдөр жыйынындагы туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Т.Т.Токторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

К.Бакиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы

Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан

чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын

Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун

Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө

1-статья.

Арал жана Бирдик айылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгарылсын.

2-статья.

Бирдик жана Арал айылдарынын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Көк-Ирим айыл кеңеши түзүлсүн.

3-статья.

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешинин административдик борбору Арал айылы болуп аныкталсын.

4-статья.

Арал жана Бирдик айылдары Атай айылдык кеңешинин эсепке алуу маалыматтарынан чыгарсын.

5-статья.

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин административдик борбору Атай айылы болуп аныкталсын.

6-статья.

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айыл кеңештеринин чек араларынын сүрөттөлүшү бекитилсин.

7-статья.

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
