Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2001-12-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 31-декабры № 832 "Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшүн оптималдаштыруу максатында жана Жалал-Абад областтык Тогуз-Торо райондук жана Атай айыл кеңештеринин Арал жана Бирдик айылдарын Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө чечимдерин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан Арал жана Бирдик айылдарын чыгаруу жана алардын базасында Арал айылында административдик борбору менен Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө Жалал-Абад областтык Тогуз-Торо райондук жана Атай айыл кеңештеринин сессияларынын чечимдерине макулдук берилсин. Атай жана Карл Маркс айылдары Атай айылында административдик борбору менен Атай айыл кеңешинин курамында калтырылсын.
2. "Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кенештин Эл өкүлдөр жыйынындагы туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Т.Т.Токторбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Арал жана Бирдик айылдарын Жалал-Абад областындагы
Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан
чыгаруу жана алардын базасында Кыргыз Республикасынын
Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун
Көк-Ирим айыл кеңешин түзүү жөнүндө
1-статья.
Арал жана Бирдик айылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин курамынан чыгарылсын.
2-статья.
Бирдик жана Арал айылдарынын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Көк-Ирим айыл кеңеши түзүлсүн.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл кеңешинин административдик борбору Арал айылы болуп аныкталсын.
4-статья.
Арал жана Бирдик айылдары Атай айылдык кеңешинин эсепке алуу маалыматтарынан чыгарсын.
5-статья.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай айыл кеңешинин административдик борбору Атай айылы болуп аныкталсын.
6-статья.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айыл кеңештеринин чек араларынын сүрөттөлүшү бекитилсин.
7-статья.
Бул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- О выводе сел Арал и Бирдик из состава Атайского айыльного кенеша Тогуз-Тороуского района Джалал-Абадской области Кыргызской Республики и образовании на их базе Кок-Иримского…Закон · 10.06.2002 · № 95 · Күчүн жоготкон