# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 829 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 829 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 829
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96474>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17225/edition/537103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96474.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 28-декабрындагы № 829 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (17.06.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96474

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-июнундагы № 240 токтомуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 28-декабры № 829 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Т.С.Айтбаев бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

К.Бакиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасыңын Кылмыш-жазык кодексине

өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 201-статьянын "Эскертүүсүндөгү" "жүз жана андан ашык литр" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "элүү жана андан ашык литр" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-статья.

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
