Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров от 13 сентября 2024 года № 558 "Об утверждении Перечня работ на территории Кыргызской Республики, выполнение которых связано с высоким риском заболевания инфекционными заболеваниями и требует обязательного проведения профилактических прививок"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-09-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 558 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 21-декабры № 800 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу бар аткарылышына байланышкан жана алдын алуу эмдөөлөрдү сөзсүз өткөрүүнү талап кылган иштердин тизмеси;
- Иммунопрофилактикалоо проблемалары боюнча ведомстволор аралык координациялоо комитети жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек менен камсыз кылуу жана медицинамлк техника боюнча департаменти иммунопрофилактикалоо үчүн пайдаланылуучу медициналык иммунобиологиялык препараттардын натыйжалуулук жана коопсуздук сапатын көзөмөлгө алуучу ыйгарым укукту мамлекеттик органы болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2002-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө:
- эмдөөдөн кийинки таталдашууда адамдарды мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарылоонун тартибин иштеп чыксын жана камсыз кылсын;
- Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында эмдөөдөн кийинки таталдашуу генезин аныктоо, алардын пайда болгон себептерин тактоо жана андан ары болтурбоо максатында иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча эксперттик комиссияны түзсүн;
- алдын алуу эмдөөлөрдүн Улуттук календарында каралбаган акы төлөнүүчү алдын алуу эмдөөлөрдү жасоонун тартибин аныктасын;
- эпидемия көрсөткүчтөрү боюнча алдын алуу эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн иштеп чыксын;
- алдын алуу эмдөөлөрдү жүргүзүүдөгү медициналык карама-каршылыктардын тизмесин кайра карап чыксын;
- алдын алуу эмдөөлөрдүн сертификатын иштеп чыксын;
- алдын ала медициналык көрүүнү жана Улуттук календарга киргизилген алдын алуу эмдөөлөрдү жана республиканын граждандарына, чет өлкөлүк граждандарга, граждандыгы жок адамдарга, Кыргыз Республикасынын аймагында такай жашаган же убактылуу болгон качкындарга эпидемия көрсөткүчтөрү боюнча алдын алуу эмдөөлөрдү өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигн Улуттук календарга киргизилген иммунология препараттарын сатып алуу жана акысыз алдын алуу эмдөөлөрдү, ошондой эле эпидемия көрсөткүчтөрү боюнча алдын алуу эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик ассигнованиесинин чегинде финансылык каражаттарды өз учурунда бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын аймагында аткарууда
жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу
бар жана алдын алуу эмдөөлөрдү
сөзсүз өткөрүүнү талап кылган
ИШТЕРДИН ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын аймактарында айыл чарба, гидромелиорациялык, курулуш жана топуракты алуу жана жылдыруу боюнча иштер, адамдарга жана жаныбарларга бирдей жагымсыз инфекциялар боюнча даярдык, өндүрүштүк, геология, изилдөө, экспедиция, дератизация жана дезинсекция иштери.
2. Кыргыз Республикасынын аймактарында адамдарга жана жаныбарларга бирдей жагымсыз инфекциялар боюнча калктын дең-соолугун чыңдоо жана эс алуучу зоналар, жыгач даярдоо, токойду тазалоо жана көрктөңдүрүү боюнча иштер.
3. Адамдарга жана жаныбарларга бирдей жагымсыз инфекциялар боюнча чарбалардан ааднган айыл-чарба чийки заттарын жана продуктыларды даярдоо, сактоо, кайра иштетүү боюнча мекемелердеги иштер.
4. Адамдарга жана жаныбарларга бирдей инфекциялар менен оорулуу малды союу, алардан алынган эт жана эт продуктыларын даярдоо жана кайра иштетүү боюнча иштер.
5. Адамдарга жана жаныбарларга бирдей жагымсыз инфекциялар боюнча мал чарбачылыктардагы мал чарба обьекттерди тейлөөгө жана малды багууга байланышкан иштер.
6. Кароосуз жаныбарларды кармоо жана багуу боюнча иштер.
7. Канализация курулуштарын, жабдууларды жана тармактарды тейлөө иштери.
8. Жугуштуу оорулар менен ооругандарды тейлөө боюнча иштер.
9. Жугуштуу ооруларды козгоочу болгон тирүү культуралар менен иштөө.
10. Адамдын каны жана биологиялык сукжтуктары менен иштөө.
11. Билим берүү мекемелердин бардык түрлөрүндө иштөө.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- "Иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоо комитети жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 токтому…Положение · 21.12.2001 · № 800 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышы инфекциялык оорулар менен ооруп калуунун жогорку…Постановление · 13.09.2024 · № 558
- Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуЗакон · 26.06.2001 · № 56 · Күчүн жоготкон
- "Иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоо комитети жөнүндө ЖОБО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 токтому…Положение · 21.12.2001 · № 800 · Күчүн жоготкон