# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-декабрындагы № 796 "Ош областынын Кара-Суу райондук администрациясынын штатына райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызмат ордун кошумча киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-декабрындагы № 796 "Ош областынын Кара-Суу райондук администрациясынын штатына райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызмат ордун кошумча киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 796
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.09.2002
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96469>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17221/edition/537091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96469.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-декабрындагы № 796 "Ош областынын Кара-Суу райондук администрациясынын штатына райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызмат ордун кошумча киргизүү жөнүндө" токтому (19.09.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96469

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-сентябрындагы № 636 токтомуна ылайык күчүн жоготкон

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 19-декабры № 796 Ош областынын Кара-Суу райондук администрациясынын штатына райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызмат ордун кошумча киргизүү жөнүндө

Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүн координациялоону жакшыртуу, экономикалык реформалар шартында анын турмуш-шартын камсыз кылуу маселелерин чечүүнүн оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош областынын Кара-Суу райондук администрациясынын штатына белгиленген эмгек акы фондунун чектеринде райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары кызмат орду кошумча киргизилсин.

2. "Областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын структурасы жана аппараттарынын штаттык сандары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-февралындагы № 47 токтомунун "Ош областынын райондук жана шаардык мамлекеттик администрацияларынын структурасы" деген № 4 тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсии:

"Кара-Суу" деген позициянын 4-графасындагы "1" деген цифра "2" деген цифра менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

К.Бакиев
