# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-декабрындагы № 769 "Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-декабрындагы № 769 "Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 769
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96465>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17217/edition/537077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96465.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 7-декабрындагы № 769 "Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" токтому (24.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96465

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 7-декабры № 769 Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө

Кыргыз мамлекеттик консерваториясын Кыргыз улуттук консерваториясына өзгөрткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин иш аракетин стимулдаштырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бирдиктүү тариф сетканын негизинде социалдык-маданий мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысынын деңгээлдерин дифференциациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-майындагы № 225 токтому менен бекитилген Кыргыз улуттук консерватория кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө боюнча Бирдиктүү тариф сеткасына жараша "1,8" коэффициенти белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2002-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинде ушул токтомдун 1-пунктун ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын карасын.

3. Бул токтом 2002-жылдын 1-январынан баштап колдоонуга киргизилсин.

Премьер-министр

К.Бакиев
