# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96458>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17211/edition/547135/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96458.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө" токтому (07.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96458

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 297 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-майы № 251 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө жоболорду “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу” жана “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун уставы бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 18-ноябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишин камсыз кылуу жөнүндө” токтомунун 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 44 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 12-пункту.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
