# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96455>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17208/edition/549307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96455.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (07.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96455

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 7-майы № 248 Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Экологиялык экспертиза жөнүндө», «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент» жөнүндө мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунда каралган Кыргыз Республикасында мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

Дж. Оторбаев
