# КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборду кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборду кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17199/edition/1057744/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборду кайра уюштуруу маселелери жөнүндө" токтому (27.04.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96445

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 173 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 17-апрели № 217 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борборду кайра уюштуруу маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан чараларды көрсүн;

- кайра уюштуруу жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2014-жылга республикалык бюджетте министрликке каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдардын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-тиркемесинин 9-пунктундагы «317» жана «242» цифралары тиешелүү түрдө «322» жана «247» деген цифраларга алмаштырылсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

«4-1. Департамент Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медицина-техникалык борбордун укуктары жана милдеттери боюнча толук укук улантуучусу болуп эсептелет.».

5. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев
