# КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-августундагы № 486 "Бюджеттик мекемелердин "Кыргызэнерго" акционердик коомуна жана Кыргызжилкоммунсоюзга карыздарын жөнгө салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-августундагы № 486 "Бюджеттик мекемелердин "Кыргызэнерго" акционердик коомуна жана Кыргызжилкоммунсоюзга карыздарын жөнгө салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 486
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.08.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/96433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-17191/edition/1147372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/96433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-августундагы № 486 "Бюджеттик мекемелердин "Кыргызэнерго" акционердик коомуна жана Кыргызжилкоммунсоюзга карыздарын жөнгө салуу жөнүндө" токтому (27.08.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/96433

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 27-августу № 486 Бюджеттик мекемелердин "Кыргызэнерго" акционердик коомуна жана Кыргызжилкоммунсоюзга карыздарын жөнгө салуу жөнүндө

Отун-энергетика комплексинин ишканаларын финансылык жактан оңдоо жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланчу ишканалар менен мекемелердин карыздарын жөнгө салуу, ошондой эле 2001-2002-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдеринен ийгиликтүү чыгууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланчу мекемелердин керектелген электр жана жылуулук энергиялары үчүн карыздарын жоюуга зарыл каражаттарды тапсын жана "2001-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аныкталган тартипте сунуштарды киргизсин.

- "2001-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин 151 млн сом өлчөмүндө өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзсүн, алар:

"Кыргызэнерго" акционердик коому менен бюджеттик мекемелердин ортосунда алардын керектеген электр жана жылуулук энергиялары үчүн карыздарын жоюу боюнча жана "Кыргызэнерго" акционердик коомунун бюджетке төлөмдүк карыздарын жоюу боюнча; Кыргызжилкоммунсоюздун "Кыргызэнерго" акционердик коомуна карызын бюджеттик мекемелердан керектелген электр жана жылуулук энергиялары үчүн Кыргызжилкоммунсоюзга карыздарын төлөөнүн эсебинен жоюу боюнча жана "Кыргызэнерго" акционердик коомунун бюджетке төлөмдүк карызын жоюу боюнча "Кыргызэнерго" акционердик коому менен Кыргызжилкоммунсоюздун ортосунда.

2. Бул токтом боюнча өз ара эсептешүүлөр бюджеттик мекемелер үчүн электр жана жылуулук энергияларын керектөөгө аныкталган лимиттердин чектеринде гана жүргүзүлүшү керектиги белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү тармагы бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

К.Бакиев
